17:23 14 апреля 2022

ОшМПУда профессор Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдыгына карата декаданын ачылышы болду

11-апрель күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору, педагогика илимдеринин кандидаты Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдык мааракесине карата декаданын ачылышы болуп өттү.

1 айлыктын алгачкы күнүндө «Илимге жол эмгектен башаталат» аттуу жолугушуу уюштурулуп, ага университеттин профессордук-окутуучулар жамааты катышты.

Иш-чараны математика жана компьютердик технологиялар факультети уюштуруп, анын жүрүшүндө Сапарбек Мадраимов катышуучулардын суроосу менен өзүнүн өмүр жолу, эмгек тажрыйбасы боюнча маек курду.

Ошондой эле агайдын өмүр таржымалын камтыган слайд көрсөтүлүп, студенттер жана окутуучулар тарабынан куттуктоо иретинде чыгармалар аткарылды.

Декаданын алкагында алдыда конференциялар жана маданий-иш чаралар уюштурулат.

Сапарбек Мадраимов 1947-жылдын 1-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кош-Дөбө айылында төрөлгөн. 1998-жылдан бери ОшМПУда эмгек жолун улантып, учурда окуу жайдын математика жана менеджмент кафедрасынын башчысы кызматын аркалайт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть