17:26 14 апреля 2022

ОшМУда айымдар ортосунда веложарыш өттү

ОшМУда Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата «Дени сак шаар — жакшы жашоо үчүн!» деген ураандын астында веложарыш өттү.

Иш-чара ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, аялдар кеңешинин төрайымы Насира Көчкөнбаева тарабынан демилгеленген.

Веложарышка окуу жайдын факультет, колледждеринин аялдар кеңешинин төрайымдары катышты.

Веложарыш сергек жашоо образын жайылтуу, велосипедди активдүү эс алуунун жана ден соолукту чыңдоонун каражаты катары пайдалануу, экологиялык жактан таза транспорт жана жол коопсуздугу катары жайылтуу, окуу жайдын ар бир факультет, колледждеринде велосипед транспортун пайдаланууга чакыруу максатында өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөр кубок, дипломдор менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть