ОшМУда 7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата иш-чара өттү. Анда Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору окуу жайдын студенттерин жана кызматкерлерин акысыз медициналык кароодон өткөрдү.
Иш-чарада окуу жайдын клиникалык базаларында эмгектенген ординаторлор неврология, кардиология, эндокриналогия, терапия, ЛОР, офтальмология, гастроэнтерология, стоматология багыттары боюнча келген окутуучуларды жана студенттерди акысыз кароодон өткөрдү. Айрымдары дарыгердин сунушу менен көчмө ЭКГга түшүп, кант диабети боюнча анализдерин тапшырышты.
«Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулуп жаткан акысыз медициналык кароо окуу жайда гана эмес, шаар тургундары үчүн да өтөт. 8-апрелде биздин ординаторлор эл көп болгон Ош шаарындагы гипермаркеттерде саат 9:00дөн 15:00гө чейин ушундай эле акысыз кароо өткөрүштү. Анда педиатрлар да болду», - деди Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун директору Анара Жанбаева.