17:38 14 апреля 2022

ОшМУ «Компьютердик илимдер жана графикалык дизайн» аталышында жарманке уюштурду

ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин «Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн» кафедрасы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган «Компьютердик илимдер жана графикалык дизайн» аталышындагы StudEXPO-2022 жарманкесин өткөрдү.

Жарманкеге Ош шаарындагы, алыскы жана жакынкы аймактардагы мектептерден миңге жакын окуучу катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар үчүн Рубик кубигин топтоо, текст терүү, графикалык дизайн боюнча жарыштар болду.

Ошондой эле графикалык дизайн, колдонмо математика жана информатика адистигинин студенттери жасаган эмгектерин көргөзүп, атайын калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктады. Жеңүүчү окуучулар жана студенттер смартфон, диплом, медалдар менен сыйланышты.

Графикалык дизайн, колдонмо математика жана информатика адистиги студенттерге сайт жасоо, робототехника, программалоонун бир нече түрү, математика жана информатиканы тереңдетип окутуу, сүрөт, видео монтаждоону, басма иштерин даярдоону, шрифттер менен иштөөнү, веб-дизайн, моушн-дизайн, анимация жасоону, 2D жана 3D графиканы окутуп-үйрөтөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть