К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «Толкун» маданий-эстетикалык борборунда «Сулуулук жаздын көркү, жаштык кез жүрөк өртү» деген аталыштагы «Университет периси – 2022» сулуулар сынагы болуп өттү.
Сынакка 4 шарт коюлган: «Өзүн тааныштыруу», «Суроо-жооп викторинасы», «Авангарддык мода» жана «Үй тапшырмасы».
Иш чаранын максаты — студенттердин бош убактысын туура пайдаланууну уюштуруу, ошондой эле улуттук маданиятка, тилге жана тарыхка болон кызыгуусун арттыруу. Сынактын соңунда калыстар тобунун баа берүүсү менен «Университет периси – 2022» баш байгесине филология факультетинин 3-курсунун студенти Акылай Канатбекова ээ болду.
I орунду ошондой эле «Мырза Айым» наамы менен физика-математика жана табигый-техникалык факультетинин 1-курсунун студенти Буйлашова Айжан ээледи.
Ал эми II орун жана «Ажарлуу бийкеч»н аамы педагогика факультетинин 2-курсунун студенти Дюшеева Нуризага ыйгарылды.
Конкурсанттар окуу жайдын диплому, баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле Каракол шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Керимкулов Азамат бардык катышуучуларга акчалай сыйлык тапшырды.