19:56 18 апреля 2022

ОшТУ Решетнев университети менен кызматташуу келишимине кол койду

Ош технологиялык университети менен Решетнев университети илимий-изилдөө жана билим берүү тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Ош технологиялык университетинин өкүлдөрү, «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын доценти К.Мамашов, «Менеджмент» кафедрасынын окутуучусу З.Тарыкчиев иш сапары менен Красноярск шаарындагы Решетнев университетинде болушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланып, узартуу мүмкүнчүлүгү менен 5 жылга келишим түзүлдү. Келишимде биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарды уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен кызматташмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть