19:54 18 апреля 2022

Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту аккредитациядан өттү

Академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту 6 адистик боюнча программалык аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

Аккредитацияны 12-13 апрель күндөрү эл аралык уюмдардын мүчөсү Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин эксперттик комиссиясы өткөрдү.

Аккредитация — билим берүүнүн сапатына кепилдик болуп саналат. Бул сапар аккредитация өздүк баалоо боюнча жумушчу топтор, билим берүү процессинин уюштурулушу, билим берүү тутумунун ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык база, инфраструктура, каржы ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып талдоо, сабактарга катышуу жана студенттер, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер, социалдык өнөктөштөр, профессордук-окутуучулар курамы менен маектешүүлөр болуп, терең талдоо менен офлайн режиминде жүрдү.

Жыйынтыгында 2027-жылга чейинки мөөнөткө аккредитациядан өттү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть