18:50 19 апреля 2022

ОшМПУда студенттик илимий конференция өттү

16-апрель күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессор Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдыгына карата аймактык илимий конференция болуп өттү.

Иш-чара «Жаңы маалыматтык технологиялар мезгилиндеги студенттик илимдин өнүгүшү» аталышында болуп, ага Бишкек шаары, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусундагы ЖОЖдордун студенттери илимий жетекчилери менен бирге катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучулар алгач Мадраимовдун өмүр таржымалын чагылдырган тасмага күбө болушту. Аны улай пленардык жыйында студенттер баяндама жасашты.

Университеттин окуу иштери боюнча проректору Равшанбек Абсатаров конференция жогорку деңгээлде өтүп жатканын белгилеп, иш-чаранын жүрүшүнө токтолду.

«Конференцияга жалпы 119 макала келип түшкөн. Катышуучулар 5 секцияга бөлүнүшүп, макаларалын коргошту. Ал эми пленардык жыйында баарыбыз күбө болгон баяндамалар өзгөчө жана мыкты болду деп белгилейм. Мындан сырткары, секциялык жыйындарга бөлүнгөн студенттердин баяндамаларын коргогон соң, жыйынтык чыгарабыз. Конференцияда эң мыкты макала ээлери үчүн акчалай сыйлыктар жана сертификаттар тапшрылат», - деди Абсатаров.

Секциялык иштердин жыйынтыгы чыгып, конференциянын резолюциясын кабыл алышты. Андан соң мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сыйлыктарга ээ болушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть