16:25 22 апреля 2022

ЫМУда жаш акындардын поэзиялык кечеси өткөрүлдү

19-апрелде ЫМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасы жумалыктын экинчи күнүндөгү иш планынынын негизинде «Жаш калем» адабий ийриминин өкүлдөрү менен биргеликте жаш акындардын поэзиялык кечесин өткөрүштү.

Кечеге факультеттин студенттери жана поэзия сүйүүчүлөр катышты. Кечени ийримдин жетекчиси ф.и.к., доцент Ч.Толубаева ачып, «Кыргыз тили жана адабияты» адистигинде таланттуу, чыгармачыл жаштар окуурун баса белгиледи.

Кечеге университеттин ректору Аскар Иманбаев катышып, жаш акындардын калеминен жаралган чыгармаларды угуп, чыгармачыл студенттерге жылуу сөздөрүн айтып, бул кечеден эс алып, рухий азык алганын жана келечек жаштардыкы экенин баса белгилеп, ак жол жана ийгилик каалады.

Кечеде Кф-41 тайпасынын студенти Адилет Өскөмбаевдин, Кф-31 тайпасынын студенттери Рыскелди кызы Айгерим, Кангелдиева Алиса, ошондой эле Кф-11 тайпасынын студенти Какенов Адилдин калеминен жаралган ырлар көркөм окулуп, музыкалык номерлер менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть