8:40 27 апреля 2022

ОШшТУда иш берүүчүлөр менен тегерек стол өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин бизнес-информатика жана маалыматтык экономика кафедрасы тарабынан бизнес-информатика жана маалыматтык экономика багытынын бүтүрүүчүлөрү жана иш берүүчүлөр аталган багытты даярдоодо окуу пландарын талкуулоо боюнча атайын тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш чаранын негизги максаты: Бизнес-информатика адистигинин окуу пландарын жана профилдеринин мазмундарын заман талабына ылайыкташтыруу боюнча талкуулоо, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусундагы көйгөйлөрдү жеңилдетүү, иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн иш билгилик сапаты тууралуу иш берүүчүлөрдүн, бүтүрүүчүлөр боюнча ата-энелердин ой-пикир, сунуштарын угуу болуп эсеплелет. Жолугушууга Ош шаардык муниципалдык кызматтын өкүлдөрү, жогоркуу окуу жайдын окутуучулары, банк кызматкерлери, жоопкерчилиги чектелген уюмдардын жетекчилери, университеттин жетекчилиги, бүтүрүүчү кафедралардын кафедра башчылары жана студенттери катышышты. Бүгүнкү күндүн негизги талабына ылайык маалыматтык технологиянын өнүгүшү ар бир адам баласынан жогорку технологиялык маалыматтуулукту талап кылып жатат. Ал эми ошол маалыматтар менен камсыз кылуучу адистердин мыкты билим менен бирге жогорку практикалык тажрыйбага ээ болуусу да жалпы коомчулук үчүн абдан талап кылынууда. Ош технологиялык университети даярдап жаткан Бизнес-информатика жана маалыматтык технология багыты келечекте бир эле биздин мамлекетибиз эмес дүйнө коомчулугунда бул багыттагы мыкты адистерден болуулары үчүн кафедра жамааты аракет кылып жатышат. Ошол максатта, маалыматтан арта калбай ар бир эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрдөн сырткары, иш берүүчүлөрдүн дагы даярдалып жаткан адистерден негизги талапка жооп берүүчү сунуш-пикирлери маанилүү роль ойнойт. Жолугушууга келген ар бир катышуучу тарабынан тарабынан ар кандай сунуш-пикирлер айтылып, жыйынтыгында, бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруу боюнча резолюция кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть