17:35 27 апреля 2022

КММАда нормалдуу анатомия боюнча олимпиада өттү

И.К.Ахунбаев атындагы КММАда «Нормалдуу жана топографиялык анатомия» кафедрасы тарабынан 1-2 курстар арасында жыл сайын өтүүчү нормалдуу анатомия боюнча олимпиада болуп өттү.

Олимпиаданы медицина илимдеринин кандидаты, пластикалык микрохирург Султан Тукешов ачты. Ошондой эле Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Кулукеев, медицина илимдеринин кандидаты, «Патологиялык физиология» кафедрасынын доценти Бердалы Раимов, медицина илимдеринин кандидаты, «Медициналык биология, генетика жана паразитология» кафедрасынын доценти Жаңыл Солтобаева сөз сүйлөштү.

Олимпиада 4 сынактан турду: «Визиттик карточка», «Акылдуулар» сынагы — мында командалар ар кандай орган системалары боюнча суроолорго жооп бериши керек болчу, «Кара куту» жана «Күнүмдүк жашоодогу анатомия» — мында анатомиялык терминологияны колдонуу менен күнүмдүк турмушта жолуккан кадимки объектилерди сүрөттөп бериши керек болчу.

Олимпиадага 13 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Limbic Force командасы, 2-орунду «Жашоо деми», 3-орунду «Альтруисттер» командасы ээледи.

Ошондой эле катышуучулар төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты: «Мыкты командалык саламдашуу», «Акылдуулар сынакта мыкты жооптор», «Кара куту» сынагында препараттардын мыкты сүрөттөлүшү»,«Күнүмдүк турмуштагы анатомия сынагында чыгармачыл сүрөттөө».

Катышуучуларга жана жеңүүчүлөргө дипломдорду «Нормалдуу жана топографиялык анатомия» кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Тамара Абаева тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть