16:52 27 апреля 2022

ЖАМУда министрдин орун басарынын катышуусунда «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун чоң жыйындар залында облустун аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринин башчылары, орто жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууда «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору тааныштырылып, эмгек акынын эселеп көбөйгөндүгү айтылды.

Расул Абазбек уулу агартуу тармагынын кызматкерлерин «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча пикирлерди ачык айтууга чакырып, жолугушуу эркин форматта экенин эскертти.

Учурда өзгөртүү жана толуктоо менен сунушталып жаткан билим берүү жаатындагы мыйзамдар — «Билим берүү жөнүндө» (2003), «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө»  (2009), «Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө» (1999), «Мугалимдин статусу жөнүндө» (2001), «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» (2019).

Бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер 1-беренеге жаңы терминдер жана аныктамаларды кошуу (глоссарий), айрым беренелерди колдонуудагы мыйзамдардын алкагында бириктирүү жана бөлүү, ишмердүүлүктүн механизмин кайра карап чыгуу, мыйзамдардын кошулуусунун жыйынтыгында пайда болгон жаңы беренелерди кошуу, бири-бирин кайталаган же мааниси жагынан бирдей жүктөмдөгү беренелерди кыскартуу, окутуу программасына ылайык билим берүү уюмдарынын түрлөрү түзүлгөндүгү айтылды.

Ал эми мектепке чейинки билим берүү багытында бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын мектепке чейинки жаш курагы буга чейин 6 айдан 7 жашка чейин деп көрсөтүлсө, сунушталып жаткан долбоордо 6 айдан 6 жашка чейин деп көрсөтүлгөн. Аны менен катар мектепке чейинки даярдоо маселесин жөнгө салган берене кыскартылган. Мектептик билим берүү класстарды көрсөтпөстөн, билим берүүнүн баскычтарына бөлүү калтырылды.

Мындан сырткары, мектептик билим берүүнү профилдөө киргизилди (алгачкы кесиптик даярдоо). Балдардын мектепке кабыл алуу курагы төмөндөтүлдү (5 жаш 6 айдан). Окуучуларды тамактандыруу жөнүндө берене кошулду. Мектептерге караштуу окуу чарбачылыгын түзүү, кесиптик билим берүү Улуттук квалификация тутуму (формалдуу эмес билим берүү, көз карандысыз сертификация, валидация, кредит), ЖОЖдорго өзгөчө статус (окутуунун формасын жана ыкмасын (метод) тандоо, финансылык автономия), жумуш ордунда окутуу, кош (дуалдык) билим берүү, окуу-чарбачылык комплекс, алдыңкы тажрыйбалар борбору, технопарктарды түзүү жана уюштуруу. Кадрдык саясат жана каржылоо багытында мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин (жогоркуу окуу жайлардан тышкары) кызмат ордуна дайындоо сынактык негизде жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сынактын жыйынтыгынын негизинде гана кабыл алуусу зарыл. Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери ББИМ тарабынан дайындалат жана ваучердик система колдонулат.

ЖАМУнун ректору тех.и.д, профессор Кеңешбек Усенов «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун колдой тургандыгын айтты. «СССР убагында 10 жылдык программа менен деле окудук. Ал учурда 10 жылдык аттестаттын өзү жетиштүү болчу. Бүгүн талап башка. Балдар дүйнөнүн төрт бурчуна барып, билим алса болот. Ошондуктан 12 жылдык окутуу — учурдун талабы», - деди ал.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, долбоордогу айрым маселелер боюнча сунуш пикирлер айтылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть