13:46 3 мая 2022

ЖАМУнун студенттери үчүн «Он эки күн» комедиясы коюлду

Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад областтык кыргыз драма театры белгилүү драматург Мар Байжиевдин «Он эки күн» комедиясын Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери үчүн койду.

Спектаклде шаардыктардын жашоосунда калыптанып, турмушта орун алып келе жаткан «киргиздердин» окуясы чагылдырылат. Чыгарманын мазмунунда кыргыз тилинин тагдыры, анын келечеги тууралуу ойлор камтылган.

Чыгармадагы окуялар аркылуу айтылуучу ой — балдарды үйдөн, балдар бакчаларынан, мектептен кыргыз тилинде окутуу жана тарбиялоо, кыргызча ой жүгүртүүсүн калыптандыруу, кыргыз тилинин келечеги балдарды тарбиялоодон башталып, анда ата-эненин орду, жоопкерчилиги жогору экендигин жеткирүү, кыргыз тилин баалай да, барктай да билүүгө чакыруу. Кыргыз элинин келечегин чогуу ойлонуп, улут катары сакталып, баркталып, кийинки муунга нукура тилди өткөрүп берүү ар адамдын өз жоопкерчилигинде экендиги баяндалган.

Мар Байжиевдин «Он эки күн» комедиясынын режиссеру жана коюучусу — театрдын көркөм жетекчиси, КРнын эмгек сиңирген артисти Бакыт Жумалиев. Ал эми чыгармадагы Мукамбет Шыйкымбаевдин ролунда — КР маданиятынын мыкты кызматкери, төкмө акын Сапарбек Зулпуев. Негизги каармандардын бири болгон Дездемонанын ролун ЖАМУнун педагогика жана маалымат техналогиялар факультетинин 3-курсунун студенти Мээримай Нуриева ойногон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть