13:05 3 мая 2022

ЫМУнун факультеттери арасында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

2022-жылдын 27-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун окутуучуларынын ортосунда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына карата факультеттер аралык кароо-сынак болуп өттү.

Сынактын тапшырмаларында согуш темасындагы видеоролик, патриоттук ырлар, бийлер жана театралдаштырылган чакан сценкалар болду.

Кароо-сынактын байге фонду 90 000 сомду түздү. Андан тышкары, ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев ар бир факультетке өз эсебинен 2000 сомдон тапшырды.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен баш байге — 25 000 миң сом акчалай сыйлыкка ЫМУнун колледжи, 1-орун — 20 000 миң сом акчалай сыйлыкка педагогика факультети, 2-орун — 15 000 миң сом акчалай сыйлыкка экономика, туризм жана тарых факультети, 3-орун — 10 000 миң сом акчалай сыйлыкка филология факультети жана физика-математика жана табигый-техникалык факультети ээ болушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть