12:43 3 мая 2022

ОшТУда «Беш оймок» аттуу көргөзмө өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин «Кийимдердин дизайны жана технологиясы» кафедрасынын жамааты тарабынан «Беш оймок» деп аталган көргөзмө уюштурулду.

Көргөзмөдө аталган колледждин «Кийимдердин дизайны жана технологиясы» адистигинде билим алып жаткан студенттердин жана алардын окутуучуларынын колдорунан жаралган кийимдердин коллекциясы тартууланды. Студенттер бул көргөзмөгө өздөрүнүн окутуучулары менен биргеликте ар кандай стилдеги, акыркы модадагы, жаштардын талабына жооп берген, заманбап көйнөктөрдү тигип алып келишкен. Мында кафедра адистерди даярдоодогу жалпы бир жылдык жыйынтыгын чыгарышты.

Ал эми иш-чаранын негизги максаты жаштарды өздөрү тандаган кесибин сүйүүгө, аларды заман талабындагы мыкты адис болуп калыптанууга үндөө жана адамдар арасындагы ынтымакты, биримдикти чыңдоо, жаштарды келечекте туура жолду тандап, мыкты инсан болууга багыттоо, кооздукту, адамдарды сулуулукту, кооздукту баалай билүүгө чакыруу болуп саналат.

Мода көргөзмөдөн сырткары, кафедранын жамааты ата-энелер менен жолугушуп, аларга колледж тууралуу жалпы маалыматты берүү менен бирге жаштарды келечекке туура багыттап, аларды тарбиялоодо окуу жай менен үй-бүлөнүн биримдиктеги ордун аныктоо жөнүндө талкуулар жүрдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть