12:51 3 мая 2022

ОшТУда «Илим. Технологиялар. Инновациялар-2022» аттуу жаш илимпоздордун аймактык конференциясы өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде президенттин жарлыгына ылайык, Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына карата «Илим. Технологиялар. Инновациялар – 2022» аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин V аймактык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияда учурдагы илимий-практикалык проблемаларга арналып илимдин 8 багыты боюнча 42 секцияда 651 баяндамалар талкууланды жана Ош технологиялык университетинен 506, Кыргызстандын башка окуу жайларынан 124, Россиядан 4, Өзбекстандан 7, Казакстандан 11 илимий баяндамалар жазылды.

Практика жүзүндө конференция эл аралык мааниге ээ болуп, иш-чарага алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн, Бишкек шаары, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусундагы жогорку окуу жайлардын алдыңкы жаш илимпоздору, аспиранттары, магистранттары, студенттери жана алардын илимий жетекчилери катышты.

Конференцияга УИАнын академиги Бектемир Мурзубраимов жана геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Шейшеналы Эшмамбетович Усупаев катышты.

Конференция офлайн жана онлайн форматында өткөрүлүп, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Резолюцияда учурдун талабына ылайык, жаш илимпоздордун илимге кызыгуусун арттыруу максатында ОшТУда жаш илимпоздордун илимий кеңешин түзүү жана илимий иштердин жыйынтыктарын өндүрүшкө, коммерциялык структураларга товар катары өткөрүп, илим изилдөө иштерин өзүн-өзү каржылоого жана пайда табуу максатында иш алып баруусу өзгөчө белгиленди. Мыкты деп табылган илимий макалалардын баяндамачыларына уюштуруу тобу тарабынан дипломдор тапшырылды.

Конференция жаш илимпоздордун жана студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу, илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын жарыкка чыгаруу жана илим менен өндүрүштүн байланышын күчөтүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть