16:32 12 мая 2022

КММАнын проректору дарыгер Павел Хайкин менен жолугушуу өткөрдү

2022-жылдын 28-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору, профессор Гүлмира Джумалиева дарыгер Павел Хайкин менен жолугушуу өткөрдү.

Павел Хайкин – ВИЧ-инфекциясы жана вирустук гепатит боюнча адистиги бар инфекционист, жугуштуу оорулар жана химиотерапия боюнча Европа коомунун (ESCMID) башкармалыгынын мүчөсү, боор оорулар боюнча Европалык ассоциациясынын (EASL) жана Германиянын ВИЧ/СПИД коомунун мүчөсү.

Жолугушуунун жүрүшүндө П.Хайкин университеттин жетекчилиги менен таанышып, окутуучулар менен биргеликте Медициналык академиянын студенттеринин окуу процессиндеги жугуштуу оорулар жаатында орун алган муктаждыктарын, ошондой эле дарыгердин келечекте уюштурулчу семинарларын өткөрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть