18:05 12 мая 2022

ОшМПУнун студенти Казакстанда өткөн эл аралык олимпиадада 1-орунду багындырды

2022-жылдын 27-30-апрель күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өткөн табигый-илимий билим берүү багыты боюнча эл арлык олимиадага Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттер командасы катышып, байгелүү орунду камсыздады.

Билим жарышы Абай атындагы Казак педагогикалык университетинде болуп, ага Россия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын жогорку окуу жайларынан студенттер катышкан.

Олимпиадага студенттер командалык жана жекече катышып, анда ОшМПУнун табият таануу жана география факультетинин студенттери Казакова Жылдыз, Садыкова Элмира, Иминова Махира жана жетекчиси Гүлзада Сагынбаева командалык мелдеште «Чыгармачыл топ» наамына ээ болушуп, атайын сыйлыкка ээ болушту. Ал эми команда мүчөсү Казакова Элмира жекече мелдеште «Мыкты географ» аталып, 1-даражадагы диплом менен сыйланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть