16:27 12 мая 2022

Кыргыз-Өзбек университетинин жетекчилиги Россиядагы жогорку окуу жайларда болушту

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин өкүлдөрү иш сапар менен Россиядагы жогорку окуу жайларда болуп келишти.

Иш сапардын биринчи күнүндө Москва шаарындагы Россия президентинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана эл чарба академиясында (РАНХиГС) болушту. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин делегациясы илим багытында эл аралык биргелешкен долбоорлорду аткаруу, педагогдор учүн академиялык мобилдүүлүктү жолго салып кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти. Андан сырткары, мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу программасына жана окуу-усулдук иштер боюнча кызматташууга кызыкчылык жогору экенине токтолушту. Ошондой эле бакалавр багыты үчүн «2+2» форматындагы биргелешкен билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Жолугушууда эки тарап Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окутуучулары үчүн Россия президентинин алдындагы мамлекеттик кызмат жана эл чарба академиясында квалификацияны жогорулатуу курстары боюнча жол картасын иштеп чыгуу жөнүндө, ошондой эле эки ЖОЖдун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө алдын ала макулдашууга жетишишти.

Андан соң делегация билим берүү жана илимий ишмердик багытында эл аралык деңгээлдеги кызматташуу маселесин талкуулоо максатында Москвадагы Россия өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинде болушту. Жолугушууга катышкан тараптар академиялык жана илимий негиздеги кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын абитуриенттеринин Каржы университетине кирүү, биргелешип өткөрүлгөн илимий конференцияларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Бакалавриат жана магистратуранын билим берүү программалары боюнча келечекте «2+2», «1+1» форматтарында кызматташуу, Кыргыз Республикасынын абитуриенттерин даярдоо факультетинде окутуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Буга улай иш сапардын алкагында Санкт-Петербург шаарындагы Д.Ф.Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтия мамлекеттик техникалык университетине барышты. Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин жетекчилиги «Экономика, өндүрүштү уюштуруу жана башкаруу», «Маалыматтык система жана программалык инженерия», «Мекеме менеджменти» кафедралары, «ВОЕНМЕХ» БМТУнун музейдеги экспозициясы менен таанышып чыгышты. Ошону менен катар эле университет боюнча экскурсиялык кыдырууда болушту. Иш-чаранын алкагында «БМТУ-КӨЭАУнун» магистратурага биргелешкен «1+1» билим берүү программасындагы академиялык мобилдүүлүк жөнүндөгү келишимге кол коюлду.

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин өкүлдөрүнүн иш сапары Санкт-Петербург шаарындагы 225 жылдан ашуун тарыхка ээ болгон А.И.Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинде жыйынтыкталды. Мында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки тараптуу кызматташтык келишимдери түзүлдү. Келишимдин негизги максаты эки университеттин ортосунда достукту чыңдоо, биргелешкен илимий конференция жана семинарларды өткөрүү, студенттер жана окутуучулар ортосунда эл аралык академиялык мобилдүүлүктү жолго коюу, бакалавриат жана магистратура бөлүмдөрүнө педагогика адистиги боюнча «2+2», «1+1» окуу программаларын ачуу, ошондой эле орус тилин өркүндөтүү боюнча профессордук-окутуучулар жамаатынын квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу болуп саналат.

Делегациясыны жетектеп Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору Чаткалбай Райымбаев, Окуу департаментинин директору Алишер Юсупов, Эл аралык байланыштар жана инвестиция департаментинин директору Аида Балтабаевалар барышкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть