12:51 16 мая 2022

ОшМУда акын Нарсулуу Гургубаева менен жолугушуу кечеси өттү

ОшМУда М.Горький атындагы адабият институтунун бүтүрүүчүсү, акын, «Көз мончок», «Алыстагы ак жарык», «Кат турмуш» китептеринин автору Нарсулуу Гургубаева менен жолугушуу кечеси өттү.

Кечеге Ош шаарындагы чыгармачыл инсандар, окуу жайдын окутуучулары, студенттер катышты.

Иш-чараны Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Улукбек Омокеев алып барды.

Акын Нарсулуу Гургубаеваны окуткан агайы Асылбек Айтманбетов сөзгө чыгып, бир кездерде кыргыз филологиясы факультетинен билим алып, чыгармачылыкка аттанган студенттерин алгачкы кадамдарын, чыгарган жыйнактары, акындын ырларындагы жөнөкөйлүк, турмуш темасынын берилиши тууралуу сөз кылып, ырларынан көркөм окуп берди.

Филология илимдеринин доктору, профессор Гүлина Жамгырчиева Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын эпистолярдык стилде жазылган «Кат турмуш» чыгармасын адабиятчы катары талдап өттү.

«Жөнөкөйлүктүн эки түрү бар. Биринчиси — билимсиз, анан наадан жөнөкөйлүк, экинчиси — даанышман жөнөкөйлүк. Даанышман жөнөкөйлүккө жетиш үчүн чоң жолду басып өтүш керек экен. Искусство адамдарын, жазуучуларды алсак, алар жөнөкөйлүккө жетиш үчүн биринчи жөнөкөй жана жаман жазат экен, андан кийин татаал жана жаман жазат экен, андан кийин татаал жана жакшы жазат экен, акырында анан жөнөкөй жана жакшы жазат экен. Ушундай даанышман жөнөкөйлүккө жетиш үчүн чоң жолду басып өтөт. Жөнөкөйлүк адамдын дээринде болсо, ошол улуулукка алып келет. Нарсулуунун жөнөкөйлүгү ошол даанышмандыкка, улуулукка алып келе турган жөнөкөйлүк деп түшүнөм», - деген адабий баа берди ал.

Жолугушуу кечесинде акын өзүнүн ырларынан көркөм окуп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Анын обон жазылган ырлары да жаңырып, соңунда адабият күйөрмандары «Кат турмуш» китебине автордун кол тамгасын алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть