ОшМУнун Киноакадемиясынын жамааты Ж.Сыдыковдун «Өлүп тирилгендер» спектаклин коюп, «Эргүү» улуттук сыйлыгында жаштар ойногон «Эң мыкты спектакль» номинациясын жеңип алышты.
Ал эми студент Сезим Эшинбек кызы жаштар ойногон спектаклдеги «Эң мыкты роль» номинациясына татыды.
«Эргүү» улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи 13-майда Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Иш-чарага бардык аймактардан театр жана оюн-зоок мекемелеринин чыгармачылык жамааттары катышты.
«Эргүү» сыйлыгын 2014-жылдан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана «Айтыш» коомдук фонду биргеликте тапшырып келет. Быйыл бул сыйлык сегизинчи ирет тапшырылды.
Киноакадемиянын жамааты жыл сайын уюштурулуп жаткан студенттик спектаклдердин республикалык «Жаңы ысымдар» февтивалында «Мыкты дебют», «Мыкты актриса», «Эң мыкты аялдын образы» наамдарын алган.