16:13 17 мая 2022

КММА Чыгыш Европа университети менен меморандумга кол койду

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Грузиянын Тбилиси шаарындагы Чыгыш Европа университети менен меморандумга кол койду.

КММАнын илимий жана медициналык иштер боюнча проректору Н.Маматов, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Т.Юсупова жана дипломдон кийинки медициналык билим берүү деканынын орун басары А.Кулжанова баштаган окуу жайдын делегациясы Чыгыш Европа университетинде болушту.

Талкуунун жүрүшүндө КММАнын «Вестник» журналында жарыяланган макалалар, мугалимдердин биргелешкен тренингдерге катышуусу, студенттердин биргелешкен конференцияларга жана жайкы мектептерге катышуусу, студенттер менен мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгү, ошондой эле студенттердин жана окуу жайлырдын потенциалын жогорулатуу иштери талкууланды.

Грузин делегациясы сентябрда КММАга келет, бул мамилелерди жана кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть