14:19 19 мая 2022

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэданын жубайы Каэко Маэдага КМУнун «Ардактуу профессор» наамы ыйгарылды

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов, биринчи проректор, филология илимдеринин кандидаты Айгүл Абдраева Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэданын жубайы Каэко Маэда менен жолугушту.

Жолугушууда билим берүү жаатында кызматташуулар тууралуу сөз болуп, аларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле окуу жайдагы Япон таануу институту менен болгон кызматташтыкты күчөтүү, институтта билим алып жаткан студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу боюнча сөз болду.

Андан соң окумуштуулар кеңешинин чечими менен Япон элчисинин жубайы Какэко Маэдага И.Арабаев атындагы КМУнун «Ардактуу профессор» наамы ыйгарылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть