13:31 23 мая 2022

КММАда Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнүнө арналган конференция өттү

2022-жылдын 19-майынан 22-майга чейин И.К.Ахунбаев атындагы КММАда Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнүнө арналган конференция өттү.

Конференция кеңейтилген форматта практикалык үй-бүлөлүк дарыгерлердин, анын ичинде аймактардан келген, чет элдик коноктордун катышуусунда болду: Арнольдас Юргутис — БДСУнун Борбордук Азиядагы алгачкы медициналык жардам борборунун кеңешчиси, профессор Луи Лутон (Женева университети), доктор Ив Бейлер (Женева университети), ошондой эле КРСУнун, ОшМУнун, КММИиПКнын медициналык факультеттеринин өкүлдөрү, Кыргыз медициналык ассоциациясынын өкүлдөрү, ошондой эле «Үй-бүлөлүк дарыгер» адистиги тууралуу маалыматты жакшыраак берүү максатында студенттер дагы катышты.

19-майда студенттерге жана ординаторлорго арналган илимий бөлүгү болуп өттү. 21-майда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын СМПДО кафедрасынын базасында окутуучулар үчүн «Үй-бүлөлүк дарыгердин жана үй-бүлөлүк медайымдын командалык иши» темасында Сателиттик мастер-класс өткөрүлдү. Кийинки финалдык күнү 1 км жана 3 км аралыкка чуркоо боюнча спорттук жарыш болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть