16:28 23 мая 2022

ЫМУнун окутуучулары менен студенттери Х.Карасаев атындагы музейде болушту

2022-жылдын 19-майында Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетитинин «Кыргыз тили жана адабияты», «Орус тили жана адабияты» адистигинин окутуучулары жана студенттери 2021-2022-окуу жылында белгиленип жаткан тилчи-окумуштуу Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Хусеин Карасаев атындагы музейде болуп кайтышты.

Иш-чара Х.Карасаевдин бейитине куран окуп, зыярат кылуу менен башталды. Студенттер кыргыз элинин сыймыктуу инсандары болгон Хусеин Карасаев менен Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүрү жана чыгармачылык жолу, илимий ишмердүүлүгү боюнча баяндамаларды жасашып, эмгектерине токтолушту.

Түгөлбай Сыдыкбековдун ырларынан, алардан тышкары студенттер өздөрү да арнап жазган ырларын окушту. Окутуучулардан Т.Сыдыкбековдун урпактарынан болгон Б.Сыдыкова жазуучунун жөнөкөйлүгүн, айылдаштарына болгон мамиле, алака-катыштары, айткан нускалуу сөздөрү жөнүндө айтып берди, Ж.Түмөнбаева Х.Карасевдин кыргыз тил илиминдеги, лексикографиядагы, кыргыз тилинин тарыхын изилдөөдөгү салымына, Т.Сыдыкбековдун байыркы түрк эстеликтерин, байыркы кыргыз тилин изилдөөдөгү кылган эмгектерине өзгөчө токтолуп өттү жана факультеттин атынан музейдин кызматкерлерин 18-май — Эл аралык музей күнү менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

Андан кийин музейдин жетекчиси Элмира Мамытова студенттерге музейдин тарыхын, Х.Карасаевдин эмгектери жана сыйлыктары коюлган залдагы ар бир эмгек, ар бир сыйлык, буюм, ар бир сүрөттүн тарыхы боюнча маалымат берди. Окумуштуунун иш бөлмөсү, андагы өзү урунган буюмдар тууралуу кеп кылды. Студенттер да музей экспонаттарын көрүп, жакындан таанышуу кызык болуп, иш-чара пайдалуу, таасирдүү болгондугун белгилешти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть