18:37 23 мая 2022

ЫМУда педагогикалык кесипке ээ боло турган бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик бөлүштүрүү иш-чарасы болду

2022-жылдын 12-майында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 2021-2022-окуу жылында педагогикалык кесипке ээ боло турган бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик бөлүштүрүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Жолдош, университеттин илим жана инновациялар боюнча проректору Ишенбекова Нургүл, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Сатыбалдиева Чолпон, Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдылдаев Сейитбек, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ишенбекова Айзада, ЫМУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысы Э.Аманакунова, университеттин факультеттеринин декандары: физика-математикалык жана табигый-техникалык факультеттин деканы Такырбашев Амангелди, филология факультетинин деканы Кадыркулова Упел, педагогикалык факультеттин деканы Анапияева Асел, окуу жайдын жаштар саясаты боюнча адиси Борбодоев Кубатбек, педагогикалык багыттагы бүтүрүүчү курстун студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус мектептериндеги К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин акыркы курстагы студенттери үчүн бош иш орундары тууралуу маалыматтар берилип, студенттерге мотивация катары өз маалында ЫМУну бүтүрүп, азыркы учурда эмгеги менен элге таанымал болгон жаштар тууралуу атайын презентация тартууланды.

Бүтүрүүчүлөргө арналган иш-чара сунуш-пикирлер, пикир алмашуулар, ишке орношуудагы көйгөйлөр, иш берүүчүлөр менен иш издөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелер, талаптар жана башка суроо-жооптор менен коштолду. Шаардык, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жаңы бүтүрүүчүлөргө ишке кандай мамиле кылуу керек экендигин, кантип эффективдүү иш алып баруу керек экендиги тууралуу, иштеги өздөрү басып өткөн жолу тууралуу айтып беришти.

ЫМУнун факультеттеринин декандары да бүтүрүүчүлөргө өз кеңештерин беришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть