18:58 23 мая 2022

КМУда профессор Коңуржан Төрөгелдиеванын 70 жылдыгы белгиленди

2022-жылдын 20-майында И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасынын жыйындар залында педагогика илимдеринин доктору, профессор Төрөгелдиева Коңуржан Макишевнанын 70 жылдыгына арналган «Санариптештирүү шартында табигый математикалык илимдерди окутуу технологияларынын маселелери жана келечеги» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чараны университеттин окуу иштери боюнча проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты Жеңиш Бексултанов ачып, сөздү КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахмановго берди.

Ректор, профессор Коңуржан Төрөгелдиеваны 70 жаш мааракеси менен куттуктап, анын кыргыз педагогикасына кошкон зор салымын, аткарган иштерин, илимий эмгектерин баса белгилеп, куттуктады.

Андан соң куттуктоо сөз коомдук ишмерлер Алтай Бөрүбаевге, Роза Айтматовага, КМУнун биринчи проректору Айгүл Абдраевага ж.б. конокторго, Кыргыз мамлекеттик университетинин түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө жана профессор Төрөгелдиеванын кесиптештерине, бирге окуган курсташтарына берилип, сөз алып сүйлөгөндөрдүн бардыгы тең маараке ээсин куттуктап, белек-бечкектерин тапшырышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть