17:32 26 мая 2022

КУАУнун студенти Өзбекстанда өткөн Борбордук Азия жаштар форумунуна катышты

2022-жылдын 18-20-майына чейин К.И.Скрябин атындагы КУАУнун агрономия жана токой чарба факультетинин 3-курсунун студенти, Жогорку студенттик кеңешинин вице-президенти Абдыманап кызы Айпери Өзбекстанда өткөн Борбордук Азия жаштар форумунуна катышып келди.

Форумга Борбордук Азия өлкөлөрүнөн илим жана билим берүү тармагындагы илимий олимпиадалардын жана башка олуттуу эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери, жаш IT-адистери, шахмат чеберлери, 150гө жакын Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн делегаттары чогулушуп, StartUp долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча презентаиялар жасалып, Борбордук Азия өлкөлөрүнун жаштар агентттеринин иштери боюнча кыскача презентациялар жана Ташкент шаарына экскурсия болду.

Ошондой эле 21-23-майга чейин Кыргызстан жаштар делегациясы Өзбекстан мамлекетинин Андижан шаарындагы эки тарартуу Кыргыз-Өзбек жаштар форумуна катышышты.

Эки тараптуу жаштар форумуна КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков да катышты.

Өзбекстан мамлекетинде өткөрүлгөн форумдун максаты — социалдык маанилүү долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда, мындан аркы кызматташуу боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн интеллектуалдык жаштар элитасынын жана маалыматтык технологиялар секторунун өкүлдөрүнүн аймактар аралык өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо, маданий чөйрөнү өнүктүрүү жана гуманитардык байланыштарды, IT-технологияларын өнүктүрүү, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди, ишенимди жана достукту чыңдоо платформасын түзүү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть