19:36 30 мая 2022

Министрлер кабинетинин төрагасы ОшМПУда иш сапары менен болду

26-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов жана Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова иш сапары менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болушту.

Коноктор окуу жайдын жетекчилигинин коштоосунда жаңы курулуп жаткан 5 кабаттуу имаратка күбө болушту. Жалпы университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгып, окуу жайда жүрүп жаткан иштер, эмгек жамаат жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттарга күбө болушту.

Бул менен бирге Эдил Байсалов окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, аларга кайрылуу жасап, айрым сунуштарды да билдирди.

«Келечек муундарга татыктуу билим берүү менен өлкөнү өнүктүрүүнүн башаты педагогдордон көз каранды. Биз азыр балдарга мурунку керексиз билимдерди бербестен, аларга жаңы билимдерди берип, заманбап көндүмдөрдү үйрөтүп, эртеңки келечек үчүн тарбиялашыбыз керек. Ал үчүн мугалимдерге талаптар дагы да жогорулайт. Бул иштердин баарын, урматтуу окутуучулар, сиздер аткарасыздар. Ошондуктан мамлекет агартуучулардын жардамына муктаж», - деп билдирди Эдил Байсалов.

Аны улай билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов да сөзгө чыгып, учурда билим берүү реформасы алгылыктуу жүрүп жатканы жана андагы өзгөрүүлөр боюнча кеп кылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть