19:42 30 мая 2022

Билим берүүнүн мыктысы Кыялбек Акматов ОшМПУда лекция окуду

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болочок педагогдорго арналган конок лекция уюштурулду.

Аталган лекция «Окуучуңуз кайсы деңгээлде турса, ошол деңгээлден баштаңыз же мугалимдиктин эң жөнөкөй сырлары» аталышында болуп, аны Казакстан педагогикалык илимдер академиясынын мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору жана «Маариф» билим берүү комплексинин директору Кыялбек Акматов өттү.

Иш-чарага университеттин окутуучулары жана студенттери катышып, лектордун педагогикалык тажрыйбаларына, мугалимдин жөнөкөй сырларын камтыган маалыматтарына ээ болушту. Мында лектор балдарды тарбиялоодогу мугалимдин жана ата-эненин ролу, чыныгы мугалимдин сапаттары жана окуучулар менен мугалимдин мамилеси тууралуу түшүнүктөрдү берип, кеңештери менен бөлүштү.

Соңунда катышуучулардын суроолоруна жооп берип, болочок педагогдордун мыкты жана үлгүлүү кадр болуусуна зарыл болгон окуу китептери менен тааныштырды.

Конок лекция студенттердин усулдук чеберчилигин өнүктүрүү жана компетенттүү кадр катары калыптануусуна көмөк көрсөтүү максатында окуу жайдын музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть