19:45 30 мая 2022

Педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов ОшМПУнун студенттеринин сынагынан өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Студенттин сынагына сынбайсызбы?» шоу программасы уюштурулду.

Бул ирет студенттер белгилүү педагог, учурда «Маариф» билим берүү комплексинин директору Кыялбек Акматов менен маек курушту.

Каарман студент кыздардан кучак толо гүл алып, программаны ачып берүүчү баштапкы суроолорго жооп берген соң, атайын даярдалган орундуктан орун алды. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыялбек Акматов тууралуу даярдалган слайд көрсөтүлүп, суроо-жооп менен уланды. Мында студенттер каарманды таануу, анын адамдык сапаттары, үй-бүлөсү, жеке ойлору жөнүндө кызыкдар болуп тим болбостон, Акматовдун катылган таланттарына да күбө болушту.

«Бүгүнкү студенттердин сынагына сындым деп ойлобойм, бирок ар бир суроого так, чын дилимден жооп бергенге аракет кылдым. Мага күтүүсүз болгон суроолор берилип, бүгүнкү кечеде балалыгымды, жаштык кезимди кайрадан эстеп, өткөн курагыма кайттым. Өзгөчө, студенттердин ата-энеге байланыштуу суроолору мени толкундантты», - деп билдирди Кыялбек Акматов.

Адаттагыдай студенттердин суроолору каарманды ар түрдүү жагдайга салган, ойлонткон, бирде жүзгө жылмаюу тартууласа, бирде эски окуяны эске салдырган күтүлбөгөн суроолор болду. Дал ушундай мыкты суроо берген программанын активдүү катышуучулары каармандын автордук китептери менен сыйланышты.

Аталган иш чара колледждин «Башталгыч класстардын педагогикасы жана мамлекеттик тил» кафедрасы тарабынан салттуу түрдө өтүп келүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть