21:44 30 мая 2022

ОшТУда Китепкана күнү белгиленди

27-май Кыргызстанда китепкана күнү! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы жарлыгы менен китепканаларды өнүктүрүү максатында “Китепкана күнү” болсун деген токтом кабыл алынган. Кыргызстан китепкана тарыхында болсо алгачкы китепкана 1902-жылы 27-майда ачылган. Ошол себептүү майрамдын датасы катары аталган күн бекитилген.

Ош технологиялык университетинин китепканачылар жамааты тарабынан бул күндүн урматына арналган атайын иш чара өткөрүлүп, китеп көргөзмөсү уюштурулду. Биздин окуу жайдын китепканасында университеттеги бардык адистиктерге тиешелүү болгон ар кайсы багыттагы миллиондон ашык китептер бар. Мындан сырткары, 2010-жылы университет жетекчилиги тарабынан библиотекага атайын жер бөлүнүп, чоң китепкана салынган. Мында университеттеги бардык китептер жайгаштырылып, окуу залдары, электрондук окуу залы, окутуучулар үчүн атайын каана жана башка китепканага тиешелүү бардык шарттар түзүлгөн. Бүгүнкү күндө окуу жайда билим алып жаткан ар бир студент жана ар бир профессордук-окутуучулук курамдын кызматкерлери пайдалана алышат.

Китеп - көлөмдүү басылма, маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ. Эн биринчи китептер мындан 5 миң жыл мурун ташка оюлуп жазылган. Биздин заманга чейин 6-кылымда Ассирийс падышасы Ашшурбанипала убагында таш китептери падышанын китепканасында сакталчу. Кийинчерээк китепканада өрт чыгып, бир гана таштан оюлуп жазылган китептер сакталып калган. Бул таштан оюлуп жазылган китептер азыркыга чейин сакталып турат жана көптөгөн окумуштуулар ошол китептер аркылуу көптөгөн ачылышытарды кылган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть