19:03 4 июня 2022

КММАнын ректору Индонезиядан келген делегацияны кабыл алды

2022-жылдын 23-майында Кыргыз медициналык академиясына Индонезиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин делегациясы: элчи Сунарё Картадинат, Министрдин саясий, маалымат жана маданий иштер боюнча кеңешчиси Рожита Джамавар жана саясий иштер бөлүмүнүн кызматкери Розалина Тобинг келишти.

Делегацияны окуу жайдын ректору, профессор Индира Кудайбергенова кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку медициналык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу, Индонезиянын медициналык университеттериндеги кесиптештер менен биргелешип коронавирустан кийинки мезгилди изилдөө боюнча маселелерди талкуулашты.

Ректор өз кезегинде Индонезиядан келген студенттер КММАнын ар кайсы кафедралары тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү олимпиадаларга катыша аларын билдирди.

Сунарё Картадината  элчиликке дайындалганга чейин Индонезиянын университеттеринин биринде көп убакыт ректор болуп иштегендиктен, ал жогорку окуу жайдын билим берүү саясатын жана маданиятын жакшы билет жана элчи катары эки өлкөнүн жогорку билим берүү маселелерин жайылтуу жана өнүктүрүү максатында иш алып барууну ниеттенет.

Ректор делегацияны иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, жакынкы келечекте Индонезиянын сунуш кылынган медициналык университеттеринин бири менен кызматташууга жана келишимге кол коюуга даяр экенин билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть