16:44 3 июня 2022

ЖАМУнун жамааты өзгөчө балдарга жардам берди

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы жамааты Ноокен райондук Ж.Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү көмөкчү жатак мектебине 66 итң сом акчалай жардам көрсөттү.

Жардам 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата берилгенин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Айгүл Доранова билдирди.

Жатак мектепте мүмкүнчүлүгү чектелген аярлуу катмардан 146 бала тарбияланууда.

Университеттин проректору А.Доранова, ТТФнын деканы Ж.Шамиев жана кесиптик бирликтин бухгалтери Н.Баитова ал мектепте тарбияланып жаткан балдардан кабар алышып, балдардын таланттуу топторунан түзүлгөн концерттик программага күбө болушуп, каалоо-тилектерин айтышты.

«Админстративдик башкаруу копусунун эмгек жамааты 13 180сом, педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессордук-окутуучулук курамы 8100 сом, филология факультети 5090сом, экономикалык-юридикалык факультети 2000сом, табигый техникалык факультети 5000 сом, медициналык факультет 19 200сом, Жалал-Абад колледжи 2000сом, медициналык колледж 5000 сом, кенже көмөк көрсөтүүчү кызматкерлер 1500 сом, кесиптик кошуун бирлиги 5000 сом — жалпы 66 070 сом жардам берилди» – дейт Д.Доранова.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть