13:28 5 июня 2022

Миссури университетинин өкүлдөрү ЖАМУнун окутуучулары жана студенттери менен жолугушту

Америка Кошмо Штаттарындагы Миссури университетинин өкүлдөрү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушту.

Жолугушуу ЖАМУнун эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Миссури университетинин делегациясынын курамында профессор, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Мэри Стегмайер, интенсивдүү англис тили программасынын башчысы Лили Соренсон, университеттин бүтүрүүчүлөрү жана студенттери бар.

Жолугушууда т.и.к., тарых кафдерасынын доценти Г.Анарбаева чет элдик меймандарга Кыргызстандын, Жалал-Абад шаарынын жана ЖАМУнун тарыхы жөнүндө лекция окуп берди. Ошондой эле жолугушууда ЖАМУнун студенттери үчүн Миссури университетиндеги окуулар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кенен маалымат берилди. Окуу жай бул университет менен буга чейин эле кызматташып келген.

Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси А.Усенованын айтымында, студенттерге жолугушуу жакты жана кызыгуулары пайда болуп, аталган окуу жайда билим алууну каалашарын билдиришти.

Андан сырткары, Миссури университетинин интенсивдүү англис тили программасынын башчысы Лили Соренсон англис тил мугалимдерине 1-июнь күнү «Англис тилин үйрөтүү стратегиялары жана ыкмалары» жөнүндө айтып берди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть