13:24 5 июня 2022

ЖАМУда англис тилин үйрөтүү стратегиялары боюнча тренинг уюштурулду

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Миссури университетинин интенсивдүү англис тили программасынын башчысы «Англис тилин үйрөтүү стратегиялары» темасында тренинг өткөрдү. Мындай маалыматты эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Акылай Усенова билдирди.

Миссури университетинин интенсивдүү англис тили программасынын башчысы Лили Соренсон тренингди Жалал-Абад шаарынын англис тил мугалимдерине жана ЖАМУнун студенттерине 1-июнь күнү өттү. Тренинг ЖАМУнун эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Лили Соренсон англис тилин үйрөтүүдө колдонулган эффективдүү сүйлөө, угуу, жазуу жана окуу стратегиялары менен бөлүшүп кетти. Ошондой эле тренингтин катышуучулары өздөрү окуу процессинде колдонгон ыкмаларын бири-бири менен бөлүшүп, тажрыйба алмашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть