19:07 4 июня 2022

ОшМПУда Балдарды коргоо күнү белгиленди

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди.

Мында окуу жайдын кызматкерлеринин балдары үчүн майрамдык оюн-зооктор, концерттик программалар уюштурулуп, сый-тамактар жана белектер тартууланды.

Балдар алгач окуу жайдын аянтына чогулуп, жер үстүнө сүрөттөрдү тартышып, спорттук оюндарды ойношту. Андан соң жыйындар залында ыр айтып, бий бийлеп, өз таланттарын көрсөтүштү.

Соңунда ар бир балага белектер тапшырылып, түшкү тамактануу менен майрамдык программа жыйынтыкталды.

Иш-чара университеттин жетекчилиги, Профсоюз жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть