13:21 5 июня 2022

Эл артисти, опера ырчысы жана акын Дарика Жалгасынова ОшМПУда болду

2-июнда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде КРнын Эл артисти, «Манас» орденинин ээси, опера ырчысы жана акын Жалгасынова Дарика Артыкбаевна конокто болду.

Аны университеттин жетекчиси Бекмурза Зулуев тосуп алып, алгач окуу жай менен тааныштырды. Андан соң эмгек жамаат менен студенттер жыйын залында Дарика Жалгасынованы тосуп алып, ал менен бирге жакындан дидарлашты. Иш-чаранын жүрүшүндө агай-эжейлер өз чыгармаларын аткарышып, каарман тууралуу даярдалган документалдык тасмага күбө болушту.

Аны улай Дарика Жалгасынова сахнадан орун алып, катышуучулардын ар тараптуу суроолоруна жооп берип, өзүнүн өмүр жолу жана чыгармачылык ийгиликтери менен кенен бөлүштү. Студенттердин суранычы менен чыгармалардан аткарып, өзүнүн автордук ырларын да окуп берди.

Көп кырдуу талант ээси ыйга толгон балалык чагын, кубанычтуу студенттик курагын, үй-бүлөсүн жана маңыздуу чыгармачылык жолун кенен баяндап, кечеде катышуучулар менен маек курду.

«Менин жашоодогу эң кайгылуу учурум балалык кезимде болгон. Ал эми кубанычтуу күндөрүм абдан көп болду. Азыр ушул жерде эң жөнөкөй адамдар менен жолугуп, жагымдуу көздөр менен карашып, баарлашып олтурганым да мен үчүн бакыт тартуулап жатат», - деди Жалгасынова.

Соңунда каарман окуу жайдын китепканасына өзүнүн автордук китептерин белекке берсе, ал эми окутуучулар ага элечек менен желек кийгизип, гүл арнашты.

Жалпы жамаат конокко келип, жагымдуу жолугушуунун күнөөкөрү болгонуна ыраазычылык билдиришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть