14:15 6 июня 2022

КМУда президенттин жарлыгын коомго жайылтууга арналган талкуу өттү

Кыргыз элинин ата-бабадан бери келе жаткан каада-салт, нарк-насилин сактоо жана аны элге жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун буйругу чыкты.

Аталган буйрукту иш жүзүнө ашыруу, көзөмөлдөө иши мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовго жүктөлдү. Ошол жарлыкты коомго жайылтуу, илимий агартуу тармагындагы окумуштуу, илимпоздор менен биргеликте иш алып баруу максатында 3-июнь күнү И.Арабаев атындагы КМУда Президенттик аппараттын өкүлү Октябрь Капалбаев катышкан кеңешме-жыйын болуп өттү.

Жыйынга И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахманов, Президетке карыштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын өкүлү Асылбек Орозов, тарых илимдеринин доктору, КМУнун Мамлекеттик тил жана коммуникация боюнча проректору Нурмамат Эсенгулов, педагогика илимдеринин доктору, профессор Айчүрөк Калдыбаева, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов ж.б. илимий агартуучулар катышышты.

Кеңешмеде Октябрь Капалбаев аталган жарлыкты жайылтуу боюнча илимий-окумуштууларга өзүнүн сунуштарын айтып, кеп- кеңештерин укту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть