19:35 13 июня 2022

ОшТУнун окутуучусу Надилбек кызы Бегимай «Санарип мугалим» сынагын жеңип, Дубайга эс алууга жолдомо утуп алды

Надилбек кызы Бегимай Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп көп жылдан бери эмгектенип келет.

Ал республикалык деңгээлде өткөрүлгөн «Санарип мугалим» сынагына катышып, баш байгеге ээ болду.

Аталган сынак 3 жылдан бери Баткен облусунун тургуну, «Санарип мугалим» академиясынын негиздөөчүсү Асылбек Мадалиев тарабынан өткөрүлүп келет.

Бул жылы өткөрүлгөн сынак 3 этаптан туруп, ар бир этапта республика боюнча 50дөн ашык мугалим талаптарга ылайык өз чеберчиликтерин көргөзүштү.

Биринчи этапта аудиторияда ачык сабак өткөрүлгөн болсо, экинчи этапта Куштарбек Кимсановдун «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» аттуу китеби боюнча онлайн-тест тапшырышты. Ал эми үчүнчү этапта Кыргызстандын белгилүү жерлерине барып, жаратылыш койнунда окуучуларга же студенттерге сабак өтүлдү.

Үчүнчү этапта студенттерге Кыргызстандын кооз жерлери тууралуу маалымат берип, ал жердин аталыш тарыхын изилдөөлөргө таянып айтып берүү, кыргыздын салтын, маданиятын кошо чагылдырып, ата-бабалар басып өткөн жолду бүгүнкү муунга жеткирип, келечекте аларды өз өлкөсүнүн патриоту болууга үндөө сыяктуу чоң максаттар коюлган.

Бегимай Надилбек кызы сынактын бардык шарттарында жогорку деңгээлдеги педагогикалык чеберчилик менен аткарып, баш байгени — Дубайга эс алууга жолдомо утуп алды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть