17:04 10 июня 2022

ОшТУнун бүтүрүүчү курстары билимдерин сынашты

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда бүтүрүүчү курстардын студенттеринин ортосунда мамлекеттик сынактарга даярдыкты күчөтүү максатында «Акыл ордо» интеллектуалдык оюн-мелдеши болду.

Мелдеште студенттер мамлекеттик сынактардын суроолору боюнча теориядан, практикадан алган билимдерин оюн-мелдеште сынашты.

Жыйынтыгында «Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо» адистигинин студенттеринин командалары 1-2-орундарды жана «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин студенттери 3-орунду камсыз кылышып, баалуу сыйлыктарга ээ болушту.

Оюн-мелдеш студенттердин концерттик программасы менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть