2022-жылдын 9-июнунда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы лицейдин бүтүрүүчүлөрү акыркы коңгуроону салтанаттуу түрдө белгилешти. Майрамга мугалимдер менен бирге окуучулардын ата-энелери да катышты.
Иш-чарада окуу жайдын проректору Ниязбек Маматов, Гүлсүнкан Жунушалиева жана лицейдин директору Толкунбек Баймуратов куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Быйылкы окуу жылында лицей бүтүрүүчүлөрүн 17-жолу уядан учуруп, 179 окуучу бүтүрүүдө.