2022-жылдын 10-июнунда Ош технологиялык университетинин Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институнда эгиз студенттер арасында интелектуалдык оюн-таймаш болуп өттү.
Алар биргеликте окуп жаткан предметтери боюнча билимди текшерген суроолорго жооп берип, сүрөттөрдү чечмелеп, бийлешип, кошумча берилген тапшырмаларды аткарышты, эгиздердеги мистикалык сырлар туурасында студенттерге айтып беришти.
Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан каалоо-тилектер айтылып, баалуу белектер берилди.