ОшМУ менен Кытайдын Чжэцзян илим жана технология университетинин ортосунда 15-июнь күнү Кыргызстанда Лу Бань институтун ачуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Салтанатка ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана Чжэцзян илимий-техникалык университетинин ректору Чэн Цзянмин катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Чжэцзян илимий-техникалык университетинин ректору Кыргызстанда Лу Бань институтун ачуу багытындагы маселе 6-февралдагы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытай өлкөсүнө болгон расмий иш сапарында да айтылгандыгын белгиледи. Өзгөчө, маалымат технологиялары (IT) жаатында адистерди даярдоо замандын талабы экендигине токтолду.
ОшМУнун ректору инстуттун ачылышы Кыргызстанда маалымат технологиялары жана техникалык жааттагы адистерди даярдап чыгарууда аябай чоң өбөлгө түзөөрүн белгиледи. ОшМУ бул демилгени колдоого алып, Кыргыз-Кытай факультетинин базасында ишке ашырууга даяр экендигин маалымдады..