11:15 20 июня 2022

Enactus OSHSU командасы «Эң мыкты экологиялык долбоор» номинациясын алды

10-11-июнь күндөрү Бишкекте Enactus Кыргызстан улуттук студенттик ишкердик сынагы өттү. Анда Enactus OSHSU командасы «Эко-Келечек» долбоорунун алкагында «Эң мыкты экологиялык долбоор» номинациясын жеңип алды.

Бул долбоор пластик жана полиэтилен калдыктарын кайра иштетүүгө багытталган. Маселен, желим бөтөлкөлөрдөн шыпыргыларды, мыйзамсыз орнотулган баннерлерден кийим-кечеге жана азык-түлүккө керектүү баштыкчаларды, ал эми полиэтилен баштыктардан килемчелерди жасоо.

Долбоорлор аркылуу команда муктаж адамдарды бизнес кылууга үйрөтүп, көмөктөшөт. Студенттик курактан эле бизнес долбоорлорун, бизнес пландоону, келечекте өзүнүн өндүрүшүн ийгиликтүү сатууну үйрөнүшөт.

ОшМУнун ENACTUS командасы — Борбордук Азиянын чемпиону, 2 жолу Кыргызстандын улуттук чемпиону, 7 жолу вице-чемпиону болгон. Команда дүйнөлүк кубокто Кытайдын Пекин шаарында, Канаданын Торонто шаарында Кыргызстандын намысын коргогон.

ОшМУнун ENACTUS командасы 1998-жылдан бери ийгиликтүү иштеп, жыл сайын жаңы студенттер менен курамын толукталып келет. Бул жылдар аралыгында 100гө жакын бизнес долбоорлорун иштеп чыгышкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть