Ош шаарында Ош облустук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги уюштурган XV спартакиада өттү.
Спорттук мелдешке Ош шаарында жайгашкан 5 жогорку окуу жай жана 7 райондордон келген командалар спорттун 6 түрү боюнча мелдешти.
Мелдештер эки топко бөлүнүп, ЖОЖдор өзүнчө, райондордон келген командалар өзүнчө таймашты.
Жыйынтыгында жалпы командалык эсеп менен 1-орунду Ош мамлекеттик университети ээледи.
Жеңишке жеткен ОшМУнун командалары дээрлик бардык оюндарда 1-орунду багындырган:
- Волейбол (агайлар) 1-орун;
- Волейбол (эжекелер) 1-орун;
- Шахмат (агайлар) 1-орун;
- Шахмат (эжекелер) 1-орун;
- Стол теннис (эжекелер) 1-орун;
- Футбол (агайлар) 1-орун;
- Ордо (агайлар) 2-орун.