21:15 27 июня 2022

ОшМУда жылдын мыктылары сыйланды

ОшМУда 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен “Жылдын мыктылары – 2022” сынактарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Аземде ректор Кудайберди Кожобеков студенттерди куттуктап, жобонун негизинде факультеттерден, колледждерден мыкты деп тандалып алынган 26 студентке ОшМУнун "Окумуштуулар кеңешинин стипендиаты" деген сертификаттарды жана 5000 сомдон акчалай сыйлыктарды тапшырды.

“16-июнда биздин окуу жайдын "ОшМУ- университет" кыз-келиндер волейбол клубу Кыргызстандын XV чемпионатында чемпиону болду, бул окуу жайдын жамааты үчүн чоң жетишкендик. 2022-жылда биздин эң мыкты деп аталган сыйлоо аземине катышып жаткан студенттерди, окутуучуларды куттуктаймын. Биздин студенттер студент мезгилинен тартып өндүрүштү кошо алып кеткен, стартап бизнес долбоорлорду иштеп чыгышы керек. Бул үчүн окуу жайда “Стартап борбору” ачылуу алдында турат”, -деген ректор Кудайберди Кожобеков окуу жайдын алдыга койгон пландары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле ОшМУда жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан тарбия иштерин стимулдаштыруучу конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлады.

“Мыкты орун басар – 2022” конкурсунун жеңүүчүсү деп табылган Индустриалдык-педагогикалык колледжинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Кутпидин уулу Эгемназар Ысык-Көлгө жолдонмо менен сыйланды.

“Мыкты куратор” конкурсунда I, II, III орундарды алган окутуучулар Математика жана информациялык технологиялар факультетинен Бекмурза уулу Ыбадылла, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинен Бактыгүл Бердибекова, Табият таануу, туризм жана айыл чарба технологиялары факультетинен Акылай Зулушева, колледждер аралык сынакта Медициналык колледжден Эркинай Акимжанова, Индустриалдык-педагогикалык колледжинен Абдыгул кызы Жеңишгүл, STEM инновациялык колледжинен Рысбек Сарыковдор ОшМУнун Ардак грамоталары, калган катышуучулар дипломдор менен сыйланышты.

“Мыкты жаштар кеңеши” конкурсунда I, II, III орунду ээлеген Табият таануу,туризм жана айыл чарба технологиялары факультетинин студенти Жыргалбек уулу Амантур, Орус филологиясы факультетинин студенти Жанара Курманбекова, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Иманбек Амираевдер окуу жайдын Ардак грамоталарына ээ болушту.

Ал эми “Мыкты акыйкатчы” конкурсунун жеңүүчүлөрү Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Мадина Токтоматовага, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Таалайбек кызы Мадинага, Медициналык колледжинин студенти Мелисбек кызы Нурпериге Ардак грамоталар тапшырылды. Иш чаранын алкагында “Жаш илимпоз” долбоорунун жеңүүчүлөрү да сыйланды.

Кеченин катышуучуларына концерттик программа тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть