13:55 27 июня 2022

ЫМУ «Инсандын руханий-адеп-ахлактык ѳнүгүүсү жана дене тарбиясы» Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

2022-жылдын 17-19-июнунда Бостери айылында «Инсандын руханий-адеп-ахлактык ѳнүгүүсү жана дене тарбиясы» Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, КРдин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия жана спорт департаменти, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети уюштурган Эл аралык илимий-практикалык конференцияда дене тарбия жана спорттун теориялык-методологиялык, биомедициналык, психологиялык-педагогикалык, тарыхый, философиялык, гуманитардык жана табигый илимдердин актуалдуу аспектилеринин жана дене тарбия, спорт тармагындагы илимий-педагогикалык тажрыйбалар менен алмашууга арналган маселелер талкууланды. Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, КРдин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия жана спорт департементи, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Кыргызстандын жалпы билим берүү жана жогорку окуу жайларынын спорттук жана илимий-педагогикалык коомчулугунун, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөгөндөр:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, педагогика илимдеринин доктору, профессор Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Токтоналиев Самат Садыкович, тарых илимдеринин доктору, профессор Мехмет Туркмен (Турция), К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин проректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Азизбаев Саитдин Сейитбекович.

Конференцияда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Азизбаев Саитдин Сейитбекович куттуктоо сөзүндө республикада инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясынын негизги багыттарына ылайык азыркы шартта маанилүү бир катар маселелерди чечүү зарылдыгы бар экендигин жана ал маселелерди ишке ашырууда дене тарбия жана спорттун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын негизги багыттарына ылайык, Кыргызстандын жаштарынын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясынын азыркы шартта пайда болгон маселелерин чечүү зарылдыгы бар. Өсүп келе жаткан муунду дене тарбияга жана спортко тартуу, сергек жашоого кызыктыруу үчүн инновациялык технологиялардын жана усулдардын негизинде мектептерде, жогорку окуу жайларында дене тарбия жана спорт жаатындагы билим берүүнү өркүндөтүүнүн келечеги жана жолдору конференциянын жүрүшүндө талкууланды.

Пленардык жыйындарда докладдар менен сүйлөгөндөр:

Саралаев Марат Кыдыкеевич – “Исторический очерк” П.Ф.Лесгафта - ценный источник всемирной истории физической культуры”.

Асипова Нурбүбү Асаналиевна – “Современные методологические подходы к исследованию проблем образование и воспитания”.

Мехмет Туркмен – “Түрк мамлекеттеринин ичинен кыргыздын улуттук оюндарынын пайда болушу жана өзгөчөлүгү” (Турция).

Конференциянын тематикасы үч секцияга бөлүнүп, сунушталган материалдар жигердүү талкууланды.

I-секция. «Дене тарбия жана спорттун теориясынын жана практикасынын маселелери». Төрага – п.и.к., проф. Иманалиев Т.Т., тең төрайым – п.и.к., доцент Курманалиева Ч.А.

II-секция. «Фундаменталдык, биомедициналык, табигый-илимдер аспектилери, улуттук дене тарбиянын жана спорттун маселелери». Төрайым – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы, ф.и.к., доцент Билбаева Г.Ж., тең төрайым – К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин илимий иштер боюнча проректору, т.и.к., доцент Ишенбекова Н.Т.

III-секция. «Дене тарбия жана спорттун этнопедагогикалык, педагогикалык, психологиялык, тарыхый жана тилдик маселелери». Төрайым – Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштер боюнча проректору, п.и.к., доценттин м.а. Абдыбекова Н.А., тең төрайым – ф.и.к., доцент Кадыркулова У.К.

Секциялардын жыйындарында сунушталган материалдар кызуу талкууланып, Эл аралык илимий-практикалык конференциянын катышуучуларынын докладдары прикладдык, теориялык-методикалык маселелерди, ошондой эле дене тарбия жана спортту, туризмди окутууну жана анын практикаларын камтыган көп кырдуулугу менен айырмаланды.

Жыйынтыгында Эл аралык илимий-практикалык конференциянын резолюзиясы кабыл алынды.

Конференциянын ишине Кыргызстандын аймактарындагы жогорку окуу жайларынын, ошондой эле алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн: Туркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Индия жана Кытайдын (онлайн) өкүлдөрү катышышты.

Конференциянын материалдары КМДТжСАнын “Дене тарбия жана спорт Жарчысы” илимий-практикалык журналына жарыяланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть