20:59 27 июня 2022

ОшМУнун окуу-өндүрүштүк комплекси ишке кирет

Билим берүү жана илим министрлигинин «Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү» программасына алкагында ОшМУнун №2 жатканасы гранддык негиздеги «Алдыңкы тажрыйба борбору» долбоору аркылуу толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.

Учурда жүрүп жаткан иштер менен окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков таанышты.

Толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан жатакананын 1-кабатында окуу-өндүрүштүк комплекс үчүн тигүү цехтери, программалык жабдуу менен камсыздоочу өндүрүштөр орун алды. 2-кабатында региондордогу колледждерден билимин жогорулатуу үчүн келген мугалимдер үчүн конок бөлмөлөр болот. Ал эми калган бөлүгүндө студенттер үчүн жатакана орун алат.

Колледж бир эле мезгилде окуу-өндүрүш комплексине айланып, студенттер окуу менен катар практикалык көндүмдөрдү айкалыштырат. Окуу-өндүрүштүк комплексинен даярдалган өндүрүштөр ОшМУнун фирмалык дүкөнүнө сатыкка чыгат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть