ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттери Казак улуттук агрардык университетинде өткөн эл аралык жайкы мектепке катышты.
Студенттерди аймак таануу программасынын окутуучусу Айнура Сапарбаева жетектеп барды.
1-курстун 3 студенти Арапов Абдусалам, Оморова Нурдана, Акжол кызы Тансулуу 16-июндан 19-июнга чейин жашыл экономика багытындагы Түркия, АКШнын профессорлору окуган лекцияларга, маданий программаларга катышышты. Андан сырткары, эл аралык жайкы мектептин алкагында START UP долбоор жазып, команда менен биргеликте 2-орунду камсыздап, ар бири 320 миң тенге акчалай сыйлык, сертификаттарга ээ болушту.
Аталган сынакка Россиянын, Грузиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан барган студенттер катышты. Студенттер эл аралык ECTS стандарты менен жогорку упай да алууга жетишти.